Беларуста ЖККУнун масштабдуу машыгуусу аяктап, кыргызстандыктар сыйланды

Беларустун аймагында Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмдарынын «Күжүрмөн боордоштук-2023» деп аталган масштабдуу стратегиялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

 

Анын экинчи этабынын алкагында төрт ички машыгуулардын активдүү фазасы соңуна чыкты. Биргелешкен операцияны өткөрүү иш-аракеттери аяктаган соң жабылуу аземи болду. Министрликтен анда биргелешкен машыгуу учурунда коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарган мыкты аскер кызматчылары сыйланганын билдиришти.
Эске салсак, машыгууга Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан аскерлери катышты. Буга чейин Кыргызстандан аталган иш-чарага 80ге чукул жоокер барганы айтылган.