Бишкекте дагы бир сквер пайда болот

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, адистер учурда эс алуу аймагы алдына Виноградная көчөсүн калыбына келтирүүдө. Бул жерде таман таштар төшөлүп, бордюрлар коюлду.

 

Ошондой эле ирригациялык система, отургучтар, көчө жарыгы жана таштанды челектери орнотулат. Жакынкы арада скверди жашылдандыруу иштери башталат.