Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

 

Анын айтымында, Капчыгай жана Достук айылдары толугу менен курулуп, өрттөнгөн үйлөр калыбына келтирилди. Андан тышкары, айылдардын ички жолдору асфальтталып, электр энергиясы, таза суу өткөрүлдү.

 

Ошондой эле күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине, унаасынан же малынан ажырагандарга акчалай компенсация төлөнгөн, — деди Алимбаев. Эске салсак, өткөн жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин 420 үй талкаланган.