Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, түндө тоо боорунан кулаган таштардын жалпы көлөмү 15 миң кубометрди түзөт.   Жабыркагандар жок. Жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Учурда жолдун эки тарабында турган… Кененирээк…

Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар тобу 3-октябрда Беларуска иш сапар менен кетти. Парламенттин басма сөз кызматы анын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтөрүн кабарлады. «Жолугушууларда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат», — деп жазылган маалыматта.… Кененирээк…

Илон Маск кайрадан АКШнын эң бай адамы

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан АКШнын эң бай адамы деп табылды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсүнүн байлыгы 252,6 миллиард долларды түзөт.   Ал 187,5 миллиард долларга ээлик кылган Бернар Арнону экинчи сапка түшүрдү. Үчүнчү орунда Джефф Безос турат – анын капиталы… Кененирээк…

Бишкектин бир тилкелүү көчөлөрүндө параллель парковкага гана уруксат берилет

Бишкектин бир тилкелүү көчөлөрүндө параллель парковкага гана уруксат берилет. Ордо калаа мэриясынан түшүндүрүшкөндөй, унаасын туура эмес токтоткондор жол кыймылына тоскоолдук жаратууда.   Андыктан, Логвиненко, Панфилов сыяктуу бир тилкелүү көчөлөрдүн боюна эми унаалар туурасынан гана токтотулушу керек. Эске салсак, буга чейин мындай жаңычылдык Эркиндик бульварына киргизилип,… Кененирээк…

“Жумуш үчүн азык-түлүк” долбооруна 1 миллион 200 миң адам катышты

“Жумуш үчүн азык-түлүк” долбооруна 1 миллион 200 миң адам катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.   Анын айтымында, программа өлкөдө 2015-жылдан бери ишке ашып келет. Анын алкагында ар кандай инфраструктуралык жана окутуучу долбоорлорго тартылган жарандарга азык-түлүк топтому берилет.

Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги болбойт

Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги болбойт. 24 агенттигине Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдиргендей, буга чейин Казакстан аркылуу темир жол менен товар ташууда тоскоолдуктар катталган.   Биринчилерден болуп кыйынчылыкка дан ташуучулар туш болду.   Андан улам эки өлкө премьерлери деңгээлинде маселе талкууланып, аны… Кененирээк…

Ордо калаада 5 миңдей абонент карыздары үчүн жарыксыз калышы мүмкүн

Ордо калаада 5 миңдей абонент карыздары үчүн жарыксыз калышы мүмкүн. Бишкектин электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр бүгүн башталат.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга тез арада электр энергиясы үчүн эсептерин төлөө сунушталат. Муну төлөм терминалдарынан жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзсө болот.

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин саны кийинки жылы көбөйтүлөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин саны кийинки жылы көбөйтүлөт.   Транспорт департаментинин начальнигинин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, план боюнча быйыл сары сызык Токомбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүндө, ал эми эмки жылы Жибек Жолу проспектинде, андан кийин Ахунбаев көчөсүндө, Манас проспектинде пайда болот.   Уезбаев… Кененирээк…

Конституциялык сотко чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет

Конституциялык сотко чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет. Садыр Жапаров конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.   Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 28-сентябрда кабыл алынган. Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча — Конституциянын ченеми өзгөрсө, жаңы олуттуу жагдайлар ачылса,… Кененирээк…

Чоң-Алай районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.   Мындай өтүнүчтү райондук милиция сотко берип, ал канааттандырылган. Милиция муну коопсуздукту сактоо максаты катары түшүндүрдү. Ошол эле маалда чектөөнүн мөөнөтүн тактай элек.… Кененирээк…