Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар тобу 3-октябрда Беларуска иш сапар менен кетти. Парламенттин басма сөз кызматы анын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтөрүн кабарлады.

«Жолугушууларда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат», — деп жазылган маалыматта.

Делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Беларустагы жолугушууларда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Минскиден экстрадициялоо маселеси көтөрүлөрү же көтөрүлбөсү кабарланган жок. Буга чейин аны өлкөгө алып келип жоопко тартуу маселеси бир канча жолу айтылган.

Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи болгон.

Июнь айында сот Бакиевди Кумтөр ишине байланыштуу күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кескен. Мындай өкүм март айында чыгарылганы ачыкка чыккан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келет.