Бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун «Алхимик» романы биринчи жолу экрандаштырылат. Сценарист Джек Торн болмокчу.
Бул долбоор Коэльонун 1988-жылы жарык көргөн китебинин алгачкы ийгиликтүү кино адаптациясы болушу мүмкүн.
Белгилеп кетсек, буга чейин “Алхимикти” чоң экранга ыңгайлаштырууга бир нече жолу аракет жасалган, бирок майнап чыккан эмес.