Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү кеңейтилет

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү кеңейтилет. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыр оорукананын имараттарынын бирин Кыргыз медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун түштүк филиалы ээлейт. Учурда аны бошотууну талап кылган буйрук чыкты.

 

Маалым болгондой, төрөт үйүнө келгендердин саны жылдан жылга өсүүдө. Бул жерде Ош шаарынын гана эмес, бүтүндөй облустун тургундары тейленет.

 

Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт.