Турак жайдын бир чарчы метринин орточо баасы 16 миң 600 сомду түздү

Былтыр турак жайдын бир чарчы метринин орточо баасы 16 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабар” порталы Улуттук статистикалык комитетке шилтеме берүү менен билдирди.

 

Көрсөткүчтү мурунку жылдардын маалыматтары менен салыштырганда өсүш байкалат. Мисалы, 2021-жылы баа 16 миң 100 сом болсо, 2018-жылы 15 миң сомду түзгөн.

 

Эң кымбат жеке турак жайлар Бишкекте курулууда. Ордо калаада бир чарчы метрдин орточо баасы 30 миң сомдон ашат.

 

Жеткиликтүү шарттар Ош, Нарын жана Баткен облустарында катталган. Аталган аймактарда көрсөткүч 11 миңден 12 миң сомго чейин.