“Жунда” заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту.

 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында “Жунда” заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилген.

 

“Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыктарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт”, – деди Төрөбаев.

 

Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келерин кошумчалады.