Бишкекте жаңы автобустардагы камералар жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат

Бишкекте жаңы автобустардагы камералар жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат. Мэрия маалыматына ылайык, шаймандар менен №212, 51 жана 42-автобустар камсыздалган.   Жакынкы арада камералар башка автобустарда дагы пайда болот. Алар туура эмес жерде токтотулган унааларды, жол чийиндери тартибин бузгандарды жана ылдамдыкты ашыргандарды каттоодо. Чогулган материал… Кененирээк…

12-13-октябрда жүргүнчүлөргө аэропортко демейкиден эрте келүү сунушталат

12-13-октябрга аба каттамдарын пландаштырган жүргүнчүлөргө аэропортко демейкиден эрте келүү сунушталат. Башкы аба майдандын басма сөз кызматы КМШ мамлекет башчыларынын саммити учурунда Бишкек – Манас аэропорту жолу маал-маалы менен кыймылга жабыларын эскертти.   Шаардын айрым көчөлөрүндө да унаа кыймылы чектелет.   Жүргүнчүлөр катталуу жана учууга кечикпеши… Кененирээк…

Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын иши токтотулду

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу… Кененирээк…

Месси Сауд Арабиянын чемпиондук клубуна ижарага берилиши мүмкүн

Дүйнө чемпиону, «Интер Майаминин» аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Сауд Арабиянын чемпиондук клубуна ижарага берилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Белгилеп кетсек, “Интер Майами” турнирдин плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн мөөнөтүнөн мурда жоготкон. Жаңы сезон февралдын аягында – марттын башында башталат.   Месси… Кененирээк…

Айпери Медет кызы UWW жаңы рейтингинде биринчи орунга чыкты

Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңы рейтингинде өзүнүн салмагында биринчи орунга чыкты.   Спортчунун эсебинде 82 миң 600 упай бар.   Белгилеп кетсек, жаңыланган рейтингде Айпери Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнө чемпиону, япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.

1-январга чейин Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат

1-январга чейин Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Учурда мекеме өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.   Белгиленгендей, мамлекеттик дарыканаларда препараттар жеке дарыканаларга караганда арзан болот.

Энергетика министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Атабек Абылгазиев Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.

Алматыда өткөн илимий сынакта Бишкектин окуучулары баш байгеге ээ болду

Бишкек шаарынын №51 мектеп гимназиясынын 4 «Б» классынын окуучулары 1-11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн илимий изилдөө долбоорлоо сынагында баш байгеге ээ болушту.   140 башталгыч мектеп катышкан сынакта Нурел Доктурбеков, Айгүл Назарбаева жана Нурсултан Оморов жеңишке жетишти. Бардык катышуучулар ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланышты. Окуучулардын… Кененирээк…

Бишкекте Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлактарды тапшырды.   Алсак, алтын медаль үчүн Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) 1 млн 250 миң сомдук… Кененирээк…

«Каракол» аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда

«Каракол» аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Алсак, учуучу тилкесинде Кыргызстанда биринчи жолу мыкты сапаттагы асфальт төшөлүүдө. Ошондой эле эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынууда. Ал… Кененирээк…