Месси Сауд Арабиянын чемпиондук клубуна ижарага берилиши мүмкүн

Дүйнө чемпиону, «Интер Майаминин» аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Сауд Арабиянын чемпиондук клубуна ижарага берилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Белгилеп кетсек, “Интер Майами” турнирдин плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн мөөнөтүнөн мурда жоготкон. Жаңы сезон февралдын аягында – марттын башында башталат.

 

Месси «Интер Майамиге» ушул жайда чабуулчу болгон.