Бишкекте Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлактарды тапшырды.

 

Алсак, алтын медаль үчүн Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) 1 млн 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Күмүш медаль үчүн Адилет Шадыканов (карате) жана Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдук сертификаттар берилди. Коло медаль үчүн Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазаревге (эркин күрөш) 500 миң сомдук сертификаттар ыйгарылды.

 

Мындан тышкары, машыктыруучулар курамына дагы акчалай сыйлыктар берилди.

 

Аталган оюндарда Кыргызстандан 23 спорттун түрүнөн, 162 спортчу катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.