Айпери Медет кызы UWW жаңы рейтингинде биринчи орунга чыкты

Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңы рейтингинде өзүнүн салмагында биринчи орунга чыкты.

 

Спортчунун эсебинде 82 миң 600 упай бар.

 

Белгилеп кетсек, жаңыланган рейтингде Айпери Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнө чемпиону, япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.