Бүгүн жана эртең Бишкекте №6, №11 жана №14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулат. Мэриядан билдиришкендей, 12-13-октябрда 5-троллейбустун кыймылы Тунгуч кичи районунан 8-кичи районго чейин өзгөрөт.
№2 жана 10-троллейбустар өз багыты менен жүрөт, бирок Чүй проспектисине кайрылбайт.
Автобус жана кичи автобустар кадимки тартипте иштешет.
Белгилеп кетсек, мунун себеби КМШ саммитине байланыштуу.