Кыргызстанда сентябрда азык-түлүктүн бир катар түрүнө баалар төмөндөгөнү байкалды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, картөшкөнүн наркы 10 пайызга, ал эми гречка 6 пайызга арзандады.
Ошондой эле кумшекердин жана жашылча-жемиштердин баасы төмөндөдү. Ал эми ундун баасы тескерисинче кымбаттаган, республика аймагында – 1,5 пайызга, жумуртка, сүт, күрүчтүн наркы 1 пайызга көтөрүлгөн.