Эки облуста мамлекеттик дарыканалар уюштурулат
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын саламаттык сактоо мекемелеринде мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу иштери башталат. Мындай тапшырманы министр Алымкадыр Бейшеналиев берди. Чиновник мамлекеттик дарыканалардын ачылышы калктын дары-дармек менен камсыз болушуна байланыштуу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолу экенин белгиледи.