Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды

Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аптека облустук клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан.

 

Мында өтө зарыл деп эсептелген 800дөй дары-дармек бар. Алдыда дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.

 

Бул дарыканадан препараттарды менчик аптекаларга салыштырмалуу 20%га чейин арзан сатып алса болот. Кошумчалай кетсек, мындай мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн бардык район-шаарларында ачылат.