Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 4,5% өстү

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 4,5%га өстү.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалаганда 919 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.

 

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары тарабынан да, кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча дагы камсыз кылынган. Эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга, айыл чарбага жана курулушка туура келген.