Аксыда кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Аксыда кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Гидроэлектрстанция жергиликтүү жеке ишкер тарабынан курулуп, 750 миң доллар жумшалган.

 

Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалат.