Бүгүн Бишкекте троллейбустук каттам токтотулат

Бишкекте  саат 8:30дан тарта жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Троллейбустар бүгүн дагы каттамга чыккан эмес.
“Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт”, — деп жазылган маалыматта.
Мындай чара КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу көрүлүүдө.