Садыр Жапаров Японияга жөнөп кетти

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында мамлекет башчы император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолугат. Ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес-ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери менен кездешип, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айткан.

“Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат”, — деп билдирди маалымат кызматы.