Бишкек мэриясы Жалал-Абад шаарына 50 автобус тапшыруу ниетинде.
Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин талкуусуна чыгарылды. Буга президент администрациясынын тапшырмасы негиз болду.
Ага ылайык, Жалал-Абад муниципалитетине “Зонгтонг” автобустарын берүү пландалууда. Эске салсак, буга чейин ушундай эле бир автобусту УКМКнын Чек ара кызматына берүү пландалып жатканы белгилүү болгон.