23-ноябрда Бишкектин 7-кичирайонунда суу өчүрүлөт

23-ноябрда Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда суу өчүрүлөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө 7-кичирайондун №6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 15/3, 173/2, 173/6, 16а, 16а/1 үйлөрүндө, №20 мектеп (мурунку бала бакча), ошондой эле 7-кичирайон, 23/1 дарегиндеги бала бакчада суу болбойт.

Суу шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерди жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.