Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

 

Анын ичинде эки өлкө ортосундагы жаңы доордогу өнөктөштүк, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди киргизүү макулдашуулары, ирригациялык тармактарды жакшыртуу максатында грант бөлүп берүү келишими, юстиция, саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жана башка документтер бар.

 

Эске салсак, президент Японияга 17-20-ноябрь күндөрү расмий сапары менен барды.