Ордо калаада Юнусалиев көчөсүндөгү тротуардын капиталдык ремонту жыйынтыкталды.
Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлдү.
Калыбына келтирүү жумуштарынын алкагында кызыл чиийнден өтүп кеткен объектилер түрттүрүлдү. Андан тышкары, ирригациялык тармак жаңыртылып, бордюрлар орнотулду.