Жалал-Абад шаарында унаа тыгындары жөнгө салынат

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев шаардагы унаа тыгынын жөнгө салуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, губернатор Түмөнбай Байзаков проспектиси, Б.Эркинбаев (мурдагы А. Чехов көчөсү) жана Юсуп Абдырахманов көчөлөрүнө барып, жол тыгынын жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

 

Облус башчысы жергиликтүү бийликке калаанын борбордук бөлүгүндөгү баш аламан унаа кыймылын жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Мында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды жаратуу үчүн тез арада унаа токтотуучу аянттарды уюштуруу аракетин көрүүнү тапшырды.

 

Ыйгарым укуктуу өкүл ошол эле учурда үзгүлтүксүз жол коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын эскертти.