Бишкекти жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн дээрлик 7 млн доллар насыя алынат

Бишкекти жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн дээрлик 7 млн доллар насыя алынат. Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда жактырылды.

 

Насыя 50 жылга берилет, анын ичинен 10 жылы жеңилдетилген мезгил менен пайыздык чени 0 процент болот.