Футбол боюнча Европа чемпионатында жогорку технологиялык топ колдонулат. Ага микрочип орнотулат, ал гол киргизүү учурунда колдун тийип-тийбегенин аныктоого жардам берет.
Мындан тышкары, микрочип топтун так тийген убактысын жазат, бул өз кезегинде калыстарга офсайд болуп, болбогонун аныктоого жардам берет.
Эске салсак, 2024-жылы Европа чемпионаты Германияда өтөт. Беттештер 14-июндан 14-июлга чейин белгиленген.