Кыргызстанда талапка жооп бербеген 28 касапкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 125 миң 500 сом айып пул салынды.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча мал союучу 100 касапкана Ветеринардык кызматтын расмий каттоосунан өткөн.