Баткен облусунун Кадамжай районунда кичи ГЭС курулуп жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунда кичи ГЭС курулуп жатат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, объекттин кубаттуулугу саатына төрт мегаватт болот.

 

Бул жакынкы конуштардагы 12 миңге жакын кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылат.

 

Станциянын курулушун келерки жылдын башына бүтүрүү пландалууда. Долбоордун баасы үч миллион долларды түзөт.