Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү

Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган аянтка 49 ийне жалбырактуу жана 27 жазы жалбырактуу дарактар отургузулду. Ошондой эле сугат системасы орнотулуп, келечекте бул аянт тамчылатып сугарылат.

 

Мындан тышкары, 1 миң 429 чарчы метр аянтка көк майсан себилет.

 

Буга чейин бул жерде мыйзамсыз соода түйүндөрү жайгашкан болчу.