Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйнөнүн эң таасирдүү аялы деп аталды

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйнөнүн эң таасирдүү аялы деп аталды. Өтүп бара жаткан жылга рейтингди Forbes басылмасы түздү. Анлан кийинки орунда Европалык борбордук банктын башчысы Кристин Лагард жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис турат.

 

Топ-5ке ошондой эле Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони жана америкалык ырчы Тейлор Свифт кирет.