Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Көк-Токой айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 275 окуучуга чакталат.
Шеркулов атындагы мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрге жетет.