Таштанды чогултуу боюнча алгачкы эл аралык чемпионат Японияда өттү

Таштанды чогултуу боюнча алгачкы эл аралык чемпионат Японияда өттү. Өзгөчө турнир 21 өлкөнүн катышуучуларын чогултту, арасында Австралия, Бразилия, Улуу Британия, АКШ, Франция жана Африкадан келгендер бар.

 

Алар 1,5 сааттын ичинде Токионун бөлүнгөн райондорунда таштанды чогултушу керек болчу. Упайлар калдыктардын көлөмү, өлчөмү жана категориясына жараша берилип жатты. Биринчи орунду улуу британиялыктар алып кетти.