Пакистанда биринчи жолу жасалма жаан колдонулду

Пакистанда биринчи жолу жасалма жаан колдонулду. Атайын жабдылган учактар Лахордун 10 районун учуп өттү.

 

Белгилеп  кетүүчү нерсе, Лахор дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башында турат.

 

Эми адистер жасалма жаандын натыйжалуулугун текшерип жатат. Бириккен араб эмираттарында жасалма жол менен жамгыр жаадыруу системасы аптаптуу ысык менен күрөшүү үчүн колдонулса, Пакистанда абаны тазалоо үчүн колдонулат.