Бишкекти жана Чүй облусун коюу туман каптады

Бишкекти жана Чүй облусун коюу туман каптады. Буга байланыштуу жолдордо көрүү кескин начарлады. Айдоочуларга этият болуп, жол эрежесин бузбай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап жүрүү сунушталат.

 

Синоптиктер белгилешкендей, кечкиге чейин абал мындан дагы начарлайт.