Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну  өзгөртүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну  өзгөртүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документти 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

 

Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты.

 

Ал эми коомчулук учурда желекти өзгөртүүгө зарылчылык жок экенин белгилеп, мыйзам долбооруна каршы экенин ар кандай акциялар, флешмобдор аркылуу билдирип келет.