Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, соңку жылдары Бишкек – Ош жолунда жана анын Өзгөн аркылуу өткөн тилкесинде ашыра жүк келүү катталууда.

 

Андыктан, айланма жолду куруу зарылчылыгы келип чыккан. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашат.