Бишкекте муниципалдык автобус, троллейбуска жол кире кымбаттайт

Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоду.

 

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

 

Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.