Бишкекте жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды

Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды. Өкмөттөн маалым болгондой, иш-чара 31-декабрга чейин уланат.

 

Жарманке саат 10дон кечки 5ке чейин болот. Анда шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.