Салык кызматы келерки жылдан тарта жеринде текшерүүнү токтотот

Салык кызматы келерки жылдан тарта жеринде текшерүүнү токтотот. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов билдирди.

 

Анын айтымында, эреже салык органдарына гана эмес, укук коргоо органдарына да тиешелүү. Бардык жерде мораторий болот. Текшерүү кылмыш иши болгондо гана жүргүзүлөт. Учурда бардык маалыматтар электрондук форматта, анын ичинде ККМ боюнча да маалыматтар секунд сайын келип турат, — деди Абдувапов.

 

Ал эске салгандай, жылдык жүгүртүүсү 15 миллионго жеткен ишкерлер отчет бербейт. Буга чейин бул көрсөткүч 8 миллион сом болчу.