Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан төрт шаардын таза суу системасын жакшыртууга 18,8 миллион евро алат. Тиешелүү келишимди Жогорку Кеңеш экинчи окууда ратификациялады. Долбоорго Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарлары кирет.
Каражаттын 8 миллиону — кредит, 8 миллиону — грант, калган 2,8 миллиону — техникалык кызматташтык үчүн грант.
Долбоор таза суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүүгө, сууну эсепке алуу системасын киргизүүгө жана техникалык тейлөө үчүн жабдууларды модернизациялоого багытталат.