Тарых, археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө 600 млн сом бөлүндү

Министрлер кабинети Кыргызстандын тарыхын жана археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө 600 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жарыялады. Анын жазганына караганда, президенттин “Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алды. Республикалык бюджеттен финансылык каржы бөлүнүп берилгени белгиленген.

“2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны толук ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 584 074,6 миң сом суммасында туруктуу каржылоо аныкталды. Анын ичинде 2024-жылга 156 млн. 935,6 миң сом, 2025-жылга — 131 млн 116,5 миң сом, 2026-жылга 193 млн. 154,2 миң сом, 2027-жылга 102 млн 868,3 миң сом бөлүнөт», — деп жазды Байсалов.