Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек-Ош жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдорунда кардын эриши күтүлөт.
Бул жолдордо жүргөндө айдоочулар жол кыймылынын бардык эрежелерин так сактап, унаалар ортосунда 500 метр аралыкты чектеши керек.