Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды

Быйыл Кыргызстанга Кытай эң көп инвестиция салды.

 

Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдиргендей, январдан сентябрга чейин өлкөгө түз чет элдик инвестициянын көлөмү 654 миллион доллардан ашты. Анын ичинен Кытайдан дээрлик 158 миллион доллар инвестиция тартылса, Россиядан 131 млн доллардан ашык, Казакстандан 55 млн доллардай инвестиция келген.

 

Каражат негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода жана байланыш тармактарына тартылган.