Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

 

Анын айтымына караганда, учурда долбоорду иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Бирок борбор өлкөнүн кайсы аймагына салынарын ачыктаган жок.