2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго чейин жогорулатылды.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө бул төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт.