Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Вьетнам командасына каршы ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Вьетнам командасына каршы ойнойт. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, жолугушуу Доха шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат.

 

Белгилеп кетсек, улуттук курама Азия Кубогуна даярдыктын алкагында Катарга жөнөп кеткен.