Эквадор мамлекетиндеги башаламандыктарда жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок

Эквадор мамлекетиндеги башаламандыктарда жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Канада жана АКШдагы элчиликтерге таянып маалымдайт.

 

Ведомстводон билдиришкендей, Эквадордогу куралдуу кагылыштын  жыйынтыгында жарандар жана полиция кызматкерлери каза тапты.

 

Өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилген. Буга байланыштуу, министрлик кыргызстандыктарды Эквадор аймагына баруудан баш тартууга чакырат.