“Баткен” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттү

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөнүн билдирди. Атайын кызмат 11-январда тараткан маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттин Мүлк боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда жеке кызыкчылыгы үчүн борбордогу үч гектарга жакын жер тилкесин (ред: “Баткен-Комфорт” базарын) арзан алып, өзүнүн туугандарына каттатканы аныкталган.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө базардын ээлери “Баткен-Комфорттун” 64,38% акциясын ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкен.

9-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик негизги акционер катары базардын жетекчилигин алмаштырган. Ушул жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынан ижара үчүн ай сайын чогултулган 10 миллион сомго жакын каражат (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт. УКМК “Баткен-Комфорттун” калган акциялары 2020-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев жана жубайы Асел Шадиеванын наамында экенин, аны да сот менен конфискациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады.

 

Аскарбек Шадиев 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ал ошол эле жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

2018-жылдын 25-декабрында Шадиевди сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыккан. Анда анын ондогон компаниялардагы үлүштөрү жана кыймылдуу-кыймылсыз мүлкүнүн катарында Шадиев менен анын жубайына таандык делген “Ала-Арча” соода борборунун 100% үлүшү (“Трейд Инвест” ЖЧКсы) жана “Карвен Групп” ЖЧКсындагы 50% үлүшү да конфискациялангандыгы жазылган болчу. Мамлекетке өткөрүлө турган мүлктүн жалпы наркы 1,8 млрд сом деп бааланган.

 

2020-жылдын 10-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.